www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Куран китептеги жер формасы

1633-жылдын 22-март күнү Галилео Галилей аттуу окумуштуу астроном тизеге турган абалында өзүнүн илимий аныктамаларынан баш тартат. Кызыгы дал ушул жерде Джордано Бруно аттуу илимпозду да өлүм жазасына тартышкан эле. Бруно да, Галилей да Жер планетасынын шар формасында экендигин божомолдошкон. Мындай катаал ыкмалар менен орто кылымдагы христиан чиркөөсү илим жолунда жүргөндөр менен күрөшчү. Окумуштуунун өз пикиринен эл астында жаңылдым-жаздым дегенине ынанып,эртеси күнү Рим папасы мунапыс иретинде Галилейди инквизия зынданынын ордуна Медичи вилласына сүргүнгө айдайт.

Жер шаарынын түзүлүшүн байыркы христиандар гана эмес,индуизм жан буддизмди тутунган элдер, скандиновтыктар да тегиз дастаркон сымал элестетчү. Жердин кырлары жана четтери бар деген ой менен, ал четтен өткөндөр көздөн кайып болуп жок болушат деген ишенимди бекем карманышкан. Ал эми байыркы гректер жерди аскердин калканына окшоштурушкан. Орустар болсо жер чоң балыктын үстүндө жайгашкан деп келишкен.

Ал эми Ыйык Куран бул жөнүндө эмне дейт?

“Биз силерге Жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу?” (Наба сүрөсү,6 аят). Араб тилиндеги төшөк –“михад” деген сөз көптөгөн мааниге ээ. Бир мааниси-эненин курсагында жаткан баланын сырткы тону же башкача айтканда бала жаткан мейкиндик. Эми баланы куурчап турган тондун формасына көз таштаңыз жана албетте анын шар эмес,а балким бира аз чоюлган шар сымал экендигин байкайсыз. Азыркы илим жан техника Жер –шар эмес экендигин жана узун-туурасынын айырмасы 43 км түзгөнүн айтып жатат.

Демек Ыйык Куран илимий ачылышка каршы келбестен ,тескерисинче өтө так салыштырмалуулук менен Жердин абалын сүрөттөп берип жатат.

Бруно жана Галилейге чейин эле XI-кылымда Орто Азиядан чыккан улуу мусулман илимпозу Абу Рейхан аль-Бируни Жер планетасы ар дайым кыймылда болгонун жана шар сымал экендигин өз эмгектеринде белгилеген жана Колумбга чейин эле өз эсептөөлөрү менен Америка материгинин бар экендигин божомолдогон.
Даярдаган Нуриет Абдулазиз

Булак: NazarNews.kg

Последние новости