www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мыйзамсыз ташылып келе жаткан товарлар кыргыз-казак чек арасынан бери өткөрүлгөн жок. Бул тууралуу Салык кызматынын билдиргенине караганда, тонналаган азыктар менен катар ири мүйүздүү малдар, курулуш шаймандары жана унаа тетиктери дагы бар.

Тагыраагы, көзөмөл-өткөрмө пункттарына жакын жерден - 9 тонна ун, 50 тонна буудай, 35 баш ири мүйүздүү мал, ар биринде 40 тонна көлөмүндөгү күйүүчү май ташуучу цистернасы бар 2 унаа кармалган. Импорттоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалым каты болгон эмес.

Ошол эле текшерүү учурунда, коштомо кагаздарында эсеп-кысабы жазылбаган, 14,8 тонна түтүк, 708 даана автотетиктер, жасалма газондун 24 түрмөгү, 155,7 миң чарчы метр кездеме, 1 тонна латекс жиптерин кыргыз аймагына өткөрүлбөгөнү айтылат.

Кызыгы мыйзамсыз иш аракетти байкап турган тиешелүү органдар, жүктү артка кайтарып ийгени бир четинен өкүнүчтүү. Контрабанда менен шугулдангандарга деле кандай чара көрүлөрү айтылбайт. Эгер ошондой кылганда, бийликтеги чимкириктердин кулагы көрүнөт беле?..

Булак: NazarNews.kg

Последние новости