www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкөдө 400 сом менен пенсияга чыккан ардагерлер бар экен. Мындай маалыматты Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев депутат Абдывахап Нурбаевдин суроосуна жооп берип жатып билдирди, кечээки парламенттик жыйында.

Оозу мурду кыйшайып дагы койгон жок. Болк эткен дагы жок. Таңгөрү эр экен. Мактангансып дагы 2 миң сомго чейинки пенсияны өлкөдө 10 миң киши, 3 миң сомго чейинкини 92 миң, 4 миң сомго чейинки пенсияны 86 миң киши алат деп көкүрөгүн каккылап атат тимеле. Ал учурда пенсионердин жашоо минимунун деңгээли 4283 сомду түзөт экен. Буларың эсептегенде дагы элдин башын айлантып, минималдык жана максималдык пенсия деп бөлүшпөйт экен. Орточо деп эле чыгарат коюшат. Ал - 5604 сомду түзөт экен десең.

Пенсионерлердин басымдуу бөлүгү 5 миң сомго жетпеген пенсия алса анда орточо эсеп менен кантип 5604 сомду түзсүн?

Жооп бир эле, 80-100 миң алган бокко жарабаган пенсионерлердин саны биз ойлогондон алда канча көп окшойт. Ошолордун алган пенсиясы менен “жакыр” пенсионерлердин акчасын тоголоктоп туруп орточо эсебин чыгарып коюшат турбайбы бул жеп жутарлар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости