www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

UFC уюмунун жеңил салмактар арасындагы экс-чемпиону Конор Макгрегор толгон-токой акчаны мыкчып турган сүрөтү жарык көрдү.

Эмнеге дебейсизби? Ал Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан күйөрмандары ортосунда лотерея ойнотуп, анын купулуна толгон күйөрманына белек кылмай ою бар экен. Конкурстун эрежеси жөпжөнөкөй, болгону келечекте Хабиб Нурмагомедов менен боло турган мелдешине Конорго арнап кызыктуу ыр саптарын арнаш керек. Кимдикин “кызыктуу” деп тапса анда бул акчалар ал адамдыкы. 2018-жылдын октябрь айында Конор Хабиб менен октагондо беттешип утулуп калган, эми ал келээрки жылдын апрель айында россиялык мушкерден реванш күтүп жатат.

Бирок бул лотереянын чын-төгүнү азырынча белгисиз. Себеби, буга чейин дагы далай жылдыздар күйөрмандарына ар кандай конкурс жарыялап жүргөндөрү социалдык тармактарда кеңири тарап жүргөн. Көп учурда алар фейк аккаунттардан тарап, шылуундардын каражат табуусунун ыңгайлуу схемасына айланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости