www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңеште Башкы прокуратуранын 2018-жылы аткарган отчетун угууда Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов депутаттардын суроолоруна жооп берди. Жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Башкы прокурордун 2018-жылга карата отчетун канаатандырарлык деп тапты.

Суроо-жооптун жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев менен Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков ортосунда регламентке байланыштуу “чокуша” кетти.

Ойлоп жүрбөңүз окурман булар мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн айтыша кетти деп, болгон талаш-тартыш баягы эле “алып кой”, “минутамды кошуп кой” болду.

--Урматтуу Төрага акылдашып көрөлү, 5 мүнөткө чейин болсо, 5 мүнөткө чейин берели. Ортого чыгып алып, регламентти бузуп сүйлөбөйлү дегеним, деди Исхак Масалиев.

Ага жооп катары төрага Дастанбек Жумабеков: - Иса Апсаматович, биз регламент менен кетип жатабыз. Суроолорго 2 мүнөттөн, талкууга 3 мүнөттөн деп чечилген. Токтом менен кабыл алганбыз. Сиз сунуш киргизиңиз карап көрөбүз, эч "запрет" жок.

Ага ачуусу келсе да билдирбеген Исхак Масалиев: - Ар бир суроо берген киши же сүйлөй турган киши кааласа 5 мүнөткө чейин сүйлөйт, кааласа 1 мүнөт сүйлөйт. Аны чектөө туура эмес. Ошол токтомду жокко чыгарыш керек.

Дастанбек Жумабеков: - Алып кириңиз, карайбыз.

Исхак Масалиев: - Алып кириңиз эмес, мен сизге айтып жатам төрага.

Дастанбек Жумабеков: - Эмнени айтып жатасыз мага, мен сизге жооп берип жатам. Эмне эле мага “эметип” жатасыз, мен чечип жаткансып.

Исхак Масалиев: - Сиз чечишиңиз керек да.

Дастанбек Жумабеков: - Жалпы палата менен чечилет.

Исхак Масалиев: - Добуш менен чечилбейт да ал, закондо жазылып турат да.

Дастанбек Жумабеков: - Менин колумда эмес ал.

Исхак Масалиев: - Түшүнбөсөңүз анда...

Дастанбек Жумабеков: - Мен байлап койгонсуп эле мага асыласыз да.

Ошентип Жогорку Кеңештин атактуулары “атасы” Германияда жүргөндө бири-бирин укпай кер-мур айтыша кетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости