www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 13-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Абтандил Кулбараков Жумгал районунда болуп, бир топ иш-чараларга катышып, алыскы элет элине өз жардамын көрсөтүп келди. Бул тууралуу СДПК парламенттик фракциясынын катчылыгы жазып чыкты.

Айта кетсек, Түгөл-Сай айылындагы 2 гектар жерге бак отургузулуп, айылды жашылдандыруу иши колго алынды. Отургузулган бакты курчоого көмөгүн көрсөтүү максатында 130 000 сомго зым торлорду жана торду орнотчу темир мамыларды шаардан жеткирип берген.

Ошондой эле Түгөл-Сай айылындагы бала-бакчасына 20 000 сомго оюнчуктарды алып барып берип, наристелерди сүйүнттү. Түгөл-Сай жана Куйручук айылындагы бала-бакчага барган ата-энелердин өтүнүчүн жерге калтырбай эки бала-бакчага жалпы эсеби 30 000 сом болгон килемдерди алып барып берген. Жумгал районунун борбору болгон Чаек айылынын футбол командасын жаңы форма менен камсыздап, аларды ички жана тышкы мелдештерге катышуусун жолго салган.

"Иии каралдык" десе, жакшы депутат турбайбы... Баса, аты көчөгө коюлганда каттуу талкууга алынган эле. Эми Абтандил мырзага бир тоонун чокусун деле берсекпи ыя? Албетте тамаша сөз. Кантсе дагы депутат жерине жакшы иш кылып келиптир, болбосо туулуп өскөн айылына бир куурай саймак турсун, айрым депутаттар шайлоочуларын сөз менен коргоп койгонго жарабай жүрүшпөйбү? 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости