www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы  күрөшүү кызматы тарабынан баңгикаражаттарын мыйзамсыз сактоо, ташуу, жайылтуу менен алектенген кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүн аныктоо жана  ага бөгөт коюуга багытталган операциясы ийгиликтүү аяктады.

2019-жылдын 16-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды  мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Жалал-Абад  облусунун Токтогул районунун аймагындагы Бишкек-Ош унаажолунда ыкчам  издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаасы  токтотулган. Жеңил автоунаа Чүй облусунун 32 жаштагы А.А. аттуу жашоочусунун башкаруусунда болгон жана автоунаанын ичин текшерүү учурунда 100 ширенкенин кутусундагы “гашиш” баңгикаражаты табылган. Табылып алынган баңгикаражатынын жалпы салмагы 1 килограмм 145 граммды  түздү.

Азыркы учурда аталган кылмыш ишине тиешеси бар башка жарандарды  тактоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө. Аталган факты боюнча  сотко чейинки  иликтөөлөр жүрүп жатат.

Бул маалымат тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости