www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 16-апрелде кыргыз кинематографиясында болгон окуянын негизинде тартылган “Мурас” аттуу кыргыз триллеринин ачылышы болуп өттү.

Тасмада жаш үй бүлөөнүн оош-кыйыш турмушу баяндалат. Келинчеги чет жакка иштөө үчүн кетүүгө аргасыз болот. Күйөөсү Эркин арзаныраак батирге муктаж болуп, жоолук оронгон кемпирдин эски үйүн табат. Үй арзан, тынч сезилгени менен коркунучтуу болот. Тилекке каршы Эркин алып келген кошуналары кайып боло баштайт. Кийинчерээк эмнеге кайып болгонун түшүнгөнү менен кан ичкич кемпир өзүн көп кабаттуу үйдөн таштап көз жумат. Эркин баарын кеч түшүнөт, анткени ал адам жегич кемпирдин колуна түшкөн эле...(бул жагын кино тасмадан көрүңүз )

Кинонун продюсери, Данияр Өмүрбеков, режиссер Азамат Шаршенов жана чыгармачылык топ мыкты актерлук чеберчилигин көрсөткөн.

Пиар менеджер Гульзар Кокенова: "МУРАС" фильминин съемкасы ушул жылдын январь айынан баштап старт алып, съемкага чейин  тартуучу топ 1-2-3-декабрда аншлаг менен кастинг өткөргөн.  Кастингге жалпысынан 1000ге жакын адамдар катышышты. Аталган кино 18-апрелден баштап өлкөнүн бардык кинотеатрларынан көрсөтүлүп баштайт”, деди.

Эске сала кетсек, аталган кинодогу актерлор, операторлар жана баардык чыгармачылык топ, ролду жогорку деңгээлде мыкты аткарган. Эгерде сиз кыргыз тилинде, кыргызча “ужас” кино көргүңүз келсе, “Мурас” кино тасмасын көрүңүз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости