www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратуранын негизги милдеттеринин бири адам укуктары менен алардын эркиндиктерин коргоо болуп саналат. Бул Баш мыйзамдын дагы талабы, - дейт КР Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов бүгүн, 17 – апрелде “Парламент” радиосуна курган маегинде.

Коррупциялык көрүнүштөрдүн азайып, же арбып жаткандыгы - келип түшкөн арыздардын жана пландуу текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен аныкталат, - деген Башкы прокурор, - “Коррупциялык көрсөткүчтөрдү аныктоо фактысын азайткандардын катарында Каржы, Юстиция, Экономика министрликтери турат. Ал эми ММК жарыяланган маалыматтарга карап, иш козгоо негизинен арыз болмоюнча өндүрүшкө алынбайт”, - дейт.

Ошондой эле мыйзамдардын аткарылышын Башкы көзөмөлдүүчү эч качан саясый күчтүн “кол баласы” болбостугун да билдирди. 

Миграциялык агымдагы мекендештерибиздин укук бузууларга кабылып калган жагдайлары боюнча да иштер жүрүп жаткандыгын айткан Башкы прокурор, - “Жарандык, Кылмыш, Үй – бүлө кодекстеринин, экстрадициялоо боюнча конвенциялардын негизинде кызматташуулар болуп жатат. Соңку жылдары эле 125 кайрылуунун 124ү канааттандырылды. Жакынкы аралыкта Кытайдан дагы 3 кишини алып келүү багытында сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, - деп билдирди.  

Жеке жарандардын арыз – армандарын угууну да Башкы прокуратура органы унутта калтырган эмес. Ар аптанын бейшемби күндөрү сайын алдын ала катталуу аркылуу карапайым калк Башкы прокурордун жеке кабыл алуусунда боло алышат. “97 ирет уюштурулган жеке кабыл алууларга 125 кишинин келгендиги бир жылдагы аткарган ишимдин  жыйынтыктарынын бири”, - дейт Ө.Жамшитов. 

 

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости