www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германия Федеративдүү Республикасына расмий визитинин алкагында дипломатиялык мамилелер, экономика жана өнөр жай, айыл чарба жана агро өнөр жай комплекси, билим берүү, туризмди өнүктүрүү жана соода-экономикалык мамилелер чөйрөлөрүндөгү, финансы жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу документтердин топтомуна кол коюлду.

Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын финансы министри Бактыгүл Жеенбаева жалпы суммасы 21 млн еврону түзгөн 3 макулдашууга кол койду. «Кол коюлган макулдашууга ылайык 13 млн еврого Ош шаарында перинаталдык оорукана, 6 млн евро каражатка Таласта перинаталдык оорукана курулат. Ошондой эле кошумча 2 млн евро Бишкекте курулуп жаткан перинаталдык ооруканасына бөлүндү», - деп белгиледи Бактыгүл Жеенбаева. 

Министр баса белгилегендей, Германия бул каражаттарды грант катары бөлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости