www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Перунун мурунку президенти Алан Гарсия өз өмүрүнө кол салды. Окуя кечээ, 17-апрелде болгонун Telesur каналы жазды.
Сот аны коррупция боюнча айыптап, 10 күнгө камоо чечимин кабыл алган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын үйүнө барганда экс-президент жактоочусуна телефон чала турганын айтып, бөлмөлөрдүн бирине кирген. Ал өзүн атып, ок моюнунан өтүп, башын тешип кеткен.
Өлкөнүн саламаттыкты сактоо министринин айтымында, жандандыруу бөлүмүнө түшкөн Гарсиянын 3 жолу жүрөгү токтоп, дарыгерлердин аракетине карабай көз жумган.
Гарсия Перуга эки жолу — 1985-1990-жылдары жана 2006-2011-жылдары президент болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал экинчи мөөнөттө иштеп жатканда, тактап айтканда Лимадагы метронун курулушунда пара алган.
Булак: "barakelde.org"