www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан ЖК депутаты, Исхак Масалиев "Өкмөткө оппозицияны тартуу менен элдин ачуусун азайтса болот" , деп "АЗИЯnews" гезитине маек курган.
- Исхак мырза, коомчулук тарабынан элдик ишеним өкмөтүн түзүү боюнча демилге көтөрүлүл жатат. Сиз буга кандай карайсыз?
- Негизи, андай өкмөт түзүлсө жакшы эле болот. Бул демилгени «бөлүнбөйлү» деген ураанга практикалык кадам десе болот. Оппозициянын айрым өкүлдөрүн ишке тартыш керек да. Ошондо алардын же оозу жабылат, же берилип иштейт.
Бирок, көрсөтүлгөн талапкерлерди көрүп атабыз го, өздөрүнүн эле досторун, тааныштарын сунуштап жатышат. Эртең Азимбек Бекназаров же дагы башкалар «мен да өкмөттө болот элем» десе кандай болот? Же «жаштарга берели» дешсе...
Мен мисалы, жаштарга берилишине толук кошула албайм. Жаштардын баары эле жарай бербейт. Мыкты жигит болсо деле тажрыйбасы жок болсо иштей албайт да. Жаштарды биз даярдашыбыз керек, инспектордон баштап министрдин орун басарына чейин өстүрүү кажет. Анан кокусунан эле асмандан түшө калып... «Бул Чүйдүн, бул Баткендин кулуну экен» деп отурсак кандай болот?..
- Макул, ошондой өкмөт түзүлүп, татыктуу кадрлар тандалды дейли. Алардын макамы кандай болот?
- Эгер Жогорку Кеңеш бекитсе, кадимки эле өкмөт болот. Ошондо элдин ачуусу бир аз тарайт эле. Кийинки жылы шайлоо болот да, элге көрүнөм деп жакшы иштегенге аракет кылышат. А эгер өкмөткө барып алып, «өзүмдүн аппаратымды бүт шайлоого жумшайм» десе, анда ээрге кыйшык отуруп алган болот.
- Жогоруда айтылгандай, демилге элден чыгып жатат, бул маселени парламент деле көтөрсө болбойбу?
- Бул демилге эчак эле көтөрүлгөн. Мисал үчүн, мен мурдагы өкмөттү кетирип атканда эле сунуш кылгам, Шыкмаматов да айткан. Бирок, биз азчылык болуп калганбыз. Эми деле депутаттардын саясый эрки жетпейт го, -деген Исхак Масалиев "АЗИЯnews" гезитине берген маегинде.
Булак: NazarNews.kg