www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фонду» Коомдук фонду түзүлдү. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул маалымат тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Ушул токтомдун долбоорунун максаты жана милдети болуп адамдык капиталды өнүктүрүүгө, ошондой эле региондордо ишканаларды түзүү жана колдоо материалдык–техникалык базаны чыңдоо максатында «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк Фонду» Коомдук фондун түзүү болуп саналат.

2017-жылдын сентябрында кол коюлган Стратегиялык макулдашуунун алкагында «Центерра Голд Инк.» компаниясы жаратылышты коргоо иш-чараларын каржылоону кеңейтүүгө багытталган жаңы милдеттенмелерди, ошондой эле региондорду өнүктүрүүгө багытталган иш чараларды колдоону өзүнө алат.

Түзүлгөн фонд региондорду өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүүчү инвестициялык долбоорлорго, эко-туризмди өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө багытталган иш чараларды жана долбоорлорду каржылайт жана колдойт. Өзгөчө, региондордо жаңы ишканаларды түзүүгө жана колдоого, экспортко багытталган өндүрүштү колдоого, инновациялык технологияларга, кайра жаралуу энергия булактарына, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана куроо өндүрүшүнө көңүл бөлүнөт.

Макулдашуулардын алкагында фонддун пайдасына бир нече транш менен 10 млн. АКШ долларынын түшүүсү, ошондой эле жылдык жалпы кирешеден 0,4 пайыз өлчөмүндө жыл сайын түшүүлөр пландалууда.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун кабыл алуу кандайдыр бир социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттерге алып келбейт.

Мындан тышкары финансы каржаттарынын келип түшүүсү «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому тарабынан жүргүзүлөт. Ошондуктан республикалык бюджеттен кошумча финансылык чыгымдарды тартпайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости