www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-сентябрда Италиянын 11-президенти Джорджо Наполитано Римдеги Сальватор Мунди клиникасында 98 жашында каза болду. Бул тууралуу Rainews24 телеканалы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал бир нече ай бою Римдеги клиникада болгон, акыркы күндөрү тагыраагы, шейшемби күнү абалы өтө начарлап кеткен. Шаршемби күнү италиялык маалымат каражаттары саясатчынын атайын аппараттан ажыратылганын жазып чыгышкан.

Белгилей кетсек, Джорджо Наполитано 1925-жылы 29-июнда Неаполь шаарында туулган.

Наполитано Италияны 2006-жылдын майынан 2015-жылдын январына чейин жетектеген. 2013-жылдын апрель айында ал өлкөнүн тарыхында экинчи мөөнөткө кайра шайланган республиканын биринчи президенти болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости