www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Самарканд облусунда күйөөсү анын карызын төлөө үчүн Россияда иштеп жүргөн аялын кызганып, эки уулун муунтуп өлтүргөн. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары билдирет.

Самарканд облусунун тургуну Аъзам Хомидов 2014-жылы Наргизге (аты өзгөртүлдү) үйлөнгөн. 2015-жылы биринчи, 2017-жылы экинчи уулдуу болушкан. Бул Азамдын экинчи никеси болгондуктан, ал биринчи никесинен төрөлгөн балдарына алимент төлөп, бирок чоң карыз болуп калган. Үй-бүлөнүн материалдык абалы начарлап, 2022-жылы Наргиза туугандары менен Россияга иштегени кеткен.

Аъзам аялын кызганып, жубайлар уруша баштаган. Бир аз акча таап, Наргиза 2023-жылдын апрель айында үй-бүлөсүнө кайтып келген. Бирок, бул карызды жабууга аздык кылып, кайра иштеп келейин дегенде күйөөсү ызы-чуу салып, талак деп айткан. Маселеге махалла кийлигишип, жубайлар жарашып, Аъзам ага Россияга кетүүгө уруксат берген.

15-апрелде Наргиз Россияга кетип, күйөөсү менен башында жакшы сүйлөшүшкөн. Кийин ал кайрадан кызганып, видео чалуу аркылуу чалып, депрессияга экенин жана өз жанын кыйгысы келип жатканын айткан. 24-апрелде ал ага өз жанын кыюуга аракет кылганын кыйыткан сүрөтүн жөнөткөн. Мындан улам Наргиз тууганынан алардан кабар алууну суранган. Ал аны текшерип, жакшы экенин айтат. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, күйөөсү кайра үйгө кайтып келүүнү талап кыла баштайт. Аял август айында акча чогултуп келем деп жооп берген, бирок ал андан кийин аны да, балдарды да көрбөй турганын айткан. Наргиз тынчсызданып, 18-майга билет сатып алат.  

Аъзам аны башкарып, тынымсыз жазгандыктан аял жумушуна толук көңүл бөлө албай, убактылуу Telegramын өчүрүп коёт. Анда күйөөсү Наргиздин эжесине жаза баштайт. Эжеси ага аялынын жакында келээрин айтып, ага жооп катары "каалаганын кыла берсин" деген билдирүү алат. 17-майга караган түнү Наргизге телефон чалып, Аъзам балдарга дары бергенин, алар комада жатканын билдиришкен. Ал шашылыш билетин алмаштырып, үйүнө келгенден кийин күйөөсү уулдарын зым менен муунтуп өлтүргөнүн билген.

Сотто Аъзам күнөөсүн мойнуна алып, бирок майда-чүйдөсүнө чейин эсинде жок экенин айткан. Окуя болгон күнү ал түн ичинде кыймылсыз жаткан уулдарынын курчоосунда ойгонуп, колунда дрелдин шнуру болгонун билдирген. Аларды өлтүргөнүн түшүнүп, апасына айтып, күнөөсүн мойнуна алуу үчүн полицияга өз эрки менен барган. Эркек аялы анын көзүнө чөп салганын, анын башка эркектер менен сүйлөшүп жатканын уканын, кызганычтан өзүн өлтүргүсү келгенин, бирок балдарды кантип өлтүргөнүн түшүнбөй калганын айтып, актанган.

2023-жылдын 23-августунда Тайлак райондук соту Аъзам Хомидовду атайылап киши өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп таап, 19 жылга эркинен ажыраткан. Ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости