www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жетекчиси Эмил Осмонбетов Кызыл-Омпол кенине байланыштуу инвесторду, башкача айтканда уран казган компанияны колдой турганын жар салды.
Бул тууралуу Осмонбетов Жогорку Кеңеште: «Кызыл-Омпол боюнча биздин позиция - негизи инвесторду колдошубуз керек. Кызыл-Омполдогу уранды алып чыгып кетиш керек» - деп билдирди.
Айтмакчы, дал ушул Осмонбетов уранды казуу иштери боюнча Россиянын президенти В.В.Путин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келээр алдында эки күн мурун барып сүйлөшүп келгени кеп болуп жатат. Бул жоругу менен өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду, мамлекетти ыңгайсыз абалга, туюкка кептеп койду.
Булак: “Фабула”