www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мына учурда Кызыл-Омполдогу уранды казуу маселеси курч турат. Эл каршы. Бийлик күчкө салып болсо да иштетүүгө кызыкдар болууда. Уран казмакчы болгон "ЮрАзия" компаниясы чалгындоого 271 миллион сом сарптаганын айтып, бийликке маселени чечип бересиңер же чыгымды эселеп төлөйсүңөр деген позицияда турат.
Мамлекеттик экологиялык-техникалык инспекциянын жетекчиси Жолдош Жунушов "садагага чабылган сары улак" болбоюн деп, үн катпай билмексен болууда. Көз карашын ак же көк деп айтканга жарабай "өлүмтүк" болгону элдин кыжырын кайнатып жатат.
Келечек, экология маселесинде кызматтын кулу болбой, бийликке урандын зыяндуулугун жеткиликтүү тушүндүрүп берсе жарашмак. Тилекке каршы, урандын пайда-зыянын түшүндүрмөк тургай, өзү жарытылуу түшүнбөсө керек. Шордон арылбаган эл экенбиз, жалаң Кудайдан жөө качкандар бийликтин эки тизгин, бир чылбырын чоюп отурушат...
Булак: “Фабула”