www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маңызы жакшы, ишке ашышы кыйын...

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев шайлоочу партияга эле эмес, талапкерге да добуш берүү нормасын киргизүүнү демилгелеп жатат.

Ал өз сөзүндө: "Добуш берүүчү кабинада компьютер коюлуп, биометрикалык чиптин жардамы менен шайлоочу кабинадагы компьютерден тандаган партиясын жана тизмедеги он талапкерин тандап белгилейт. Ал кагазды компьтерден басып чыгарып, урнага салып кетет" - деп айтты. Ошондо кайсы партия парламентке өтсө, анын ичинде эң көп добуш алгандар депутат болуп шайланат.

Бир карасаң, эң оптималдуу вариант. Акчалуулар алдыга туруп алып, акчасы жок, добуш алып бергенине карабастан тизменин артында болгондуктан депутат болбой калып жаткан көрүнүшкө чекит коюлат. Бирок муну ишке ашыруу оор. Аиткени шайлоого катышкан партиялардын 200 адамдан турган тизмени издеп таап добуш берүү, аны компьютерден бастырып чыгаруу убакытты талап кылат. Чыгым да көбөйөт...

Булак: “Фабула”

Последние новости