www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Расмий Кабул мамлекеттерге элчилерин тез арада алып кетүү суранычы менен кайрылды. Бул тууралуу коңшу өлкө Тажикстандын маалымат булактары жазып чыкты. 

Мындай өтүнүч Афганистанда саясий абал курчуп, талибдердин ири шаарларды басып алышы менен байланыштуу. Такталбаган маалыматтар боюнча, согушкерлер Кабул эл аралык аба майданынан 20 чакырым алыстыкта жүрүшөт.

Дипломатиялык өкүлдөрдү алып кетүүгө АКШ менен Улуу Британиянын куралдуу күчтөрү жардам берери айтылат.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы Афганистандагы дипломатиялык кызматкерлерин өлкөгө кайтаруу боюнча маалыматты тактап жатканын билдирди.

Буга чейин Чехия, Улуу Британия, АКШ, Италия жана башка мамлекеттер элчилерин чыгарып кеткен. Ал эми Тажикстан Мазари-Шариф, Файзабад жана Бадахшандагы өкүлчүлүктөрүн жапкан. Бирок дипломаттарын алып кете элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости