www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш депутаттарынын УКМКны президенттин көзөмөлүнөн алып чыгуу аракетинин артында эмне турат?

- Жогорку Кеңештин депутаттары УКМКнын ишин көзөмөлдөй турган атайын парламенттик комитет түзүү демилгесин коомдук талкууга койду. Депутаттар УКМКны көзөмөлдөсө эле, реформа ойдогудай болуп, адилеттик өкүм сүрүп калабы?

- Андай экен эртерээк Элдик Курултай жөнүндө мыйзамды кабыл алышсын! Жогорку Кеңештин азыркы комитеттери аркылуу эле көзөмөлдөсө неге болбосун. Болгону биздин депутаттардын арты таза эмес, көпчүлүгү ишкерлер, каралар менен аралашып кеткендери да жок эмес, ошол себептүү атайын кызматты текшерип, тескегенге даай алышпайт. Болбосо азыркы комитеттерде бардык укуктар каралган. Азыркы учурда Жогорку Кеңеште тогуз комитет бар. Алардын үчөөндө УКМКнын ишин көзөмөлдөө укугу бар.

Алар: Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук, Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча эле ишмердүүлүгүн тескеп койсо болмок да, бул артык баш жумуш деп билем. Ал эми элдин атынан бийлик бутактарын Элдик Курултай аркылуу көзөмөлгө алуу маселесин көтөрүшсө башка кеп болмок! Конституциянын 52-беренесинде Курултай маселеси тургандыгына карабай эмдигиче мыйзамы кабыл алынбай келүүдө.

Булак: “Майдан.kg”

Последние новости