www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Өмүрбек эч качан эч нерсе уурдаган эмес, эч нерсе алган эмес. Мен бул жерге келгим келбеди эле... Бул мейманкана (китептин бет ачаары «Дамас» мейманканасында өткөн - ред.) мамлекеттик аткаминердин жеке мейманканасы, мен буга макул эмесмин. Эми Өмүрбек мындайлардан болбосун”.

Мындай пикирин өткөөл мезгилдеги президент боло калган Роза Отунбаева “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачаарында сөз сүйлөп жатып айтты. Албетте, борбордун чок ортосундагы “Дамас” мейманканасы Кыргызстандын мурунку Экономика жана каржы министри, учурда бандит сымалдардын жана жеп-ичерлердин курамынан түзүлгөн “Бир Бол” партиясынын тизмеси аркылуу Жогорку Кеңешке келип алып, эми элге “акыл үйрөтүп” олтурган Акылбек Жапаровдун жеке менчиги экенин баарыбыз эле билебиз.

Алчы-таасын жеген саясатчы, болгондо да өлкөнү эки жылдан ашуун башкарган мурунку президент аялдын минтип айтканы эмнени каңкуулап жатат? Ооба, сөздүн маанисинде депутат Акылбек Жапаровдун ууру экенин айтууда. Бирок, эмнеге ал эжекебиз өзү өлкө башында турганда мындай ууруларга чара колдонгон эмес деген суроо туулбай койбойт.

Депутат Акылбек Жапаров соцтармактын активдүү колдонуучусу, ал сөзсүз бул маалыматты окуйт. Эгер айтчу сөзү болсо айтсын, айтпаса айтпай эле койсун. Отунбаеванын айтканы чын болсо, Жапаровдун да акыры жооп берчү күнү келет. Ага дайыма эле жоолук оронуп чыга каччу "Талас шансы" кайталана бербейт.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости