www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин китебинин бет ачаарында анын уурулугу ашкереленди. Анынбы, же китептин редактор, түзүүчүлөрүнүн айыбыбы, айтор, эмнеси болсо да сөз Текебаевге туура тийери айтпасак да белгилүү.

Кечээ, 3-декабрда Бишкектеги “Дамас” мейманканасынын пресс-конференция залында «Өмүрбек Текебаевдин Elgezit.kg менен диалогу» аталыштагы китебинин бет ачаары жаңжал менен коштолду.

Анда мурунку президент, Текебаевдин жакын санаалашы Роза Отунбаева “Текебаев эч нерсе уурдаган эмес...” деп айтып оозун жыйганча, “Жаңы жүздөр” (“Новые лица”) гезитинин ээси Лейла Саралаева китептин ичиндеги үч макала анын жеке сайтынан уурдалып алынганын, бул боюнча аны менен соттошоорун өзүнүн соцсеттеги баракчасына жазып чыкты.

Китептин ичиндеги реквизиттерге караганда, китептин редактору мурунку “атамекенчи” депутат Асия Сасыкбаева. Ал эми автордук укук Өмүрбек Текебаев менен “Элгезит” электрондук порталга тийешелүү экен. Ошондо кимиси ууру болуп калат?

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости