www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргыздын салты, үрп-адаты, маданияты деп күйүп жүргөн жердештериме айтаар элем. Кыргыздын маданияты, өнөрү, салты кайсы бир жылаңач аял чыгып койгондон бузулуп, мындан асман жерге түшүп кетпейт! Анткени, мен анын кандай чыгармачылык менен чыкканын көргөн жокмун, катышкан эмесмин".
Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, мурунку Маданият, маалымат жана туризм министри Садык Шер-Нияз телеканалдардын бирине маек берип жатып билдирди.
- Эгерде катышсам, анда чын эле бийик искусство бар же жок экенин айтып бере алмакмын. Ал жылаңач болуп алып он кадам баскан аялдын биздин салтыбыз, маданиятыбызга кедергиси тийбейт. Экинчиден, биз сабыр кылуу менен коомдогу маанилүү маселелерге көңүл бурганды үйрөнүшүбүз керек. Эгерде, жанагы 700 миллиондун чырынан ушундай иштер алагды кылса, анда биз ойлонуп көрүшүбүз керек: улут, эл катары биздин маданиятыбыз тереңби же тереңдетишибиз керекпи? Себеби, менин өтө чоочуганым, ушундай майда-барат нерселер бизди чоң көйгөйлөрдөн алагды кылып келет. Мүмкүн атайын элди алагды кылуу үчүн жасалган аракеттерби деген ойлор келет, - деп айтты өз пикирин депутат Садык Шер-Нияз.
Булак: NazarNews.kg