www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мындай кырдаал Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев 3-декабрда шаардагы ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген №12-көмөкчү мектебиндеги жолугушууда жаралды.
Видеодо көрүнүп тургандай, мэр сөз баштап баратып эле бир топко сүйлөй албай, көзүнө жаш алды. Анын абалын, өздөрүнүн уул-кыздарынын тагдырларын түшүнгөн ата-энелер да аргасыз ыйлашты.
Жолугушууда шаар башчысы дени сак коом куруу үчүн спортко үндөп, ыңгайлуу шарттарды түзүү жергиликтүү бийликтин милдети экендигин айтып өттү. Аны менен катар мэр аталган мектеп жетекчилигине акчалай жардам көрсөтүп, балдарга шириндиктер таратылды. Белгилей кетсек, №12 көмөкчү мектебинде балдарды окутуу жана тарбиялоо орус тилинде жүргүзүлүп, сегиз жылдык билим берилет. Мектепке окуучуларды кабыл алуу Ош шаарындагы психологдордон, медицина кызматкерлеринен, педагогдордон турган комиссиясынын чечими менен жана Ош облусттук психикалык ден–соолук борборунун корутундусу менен кабыл алынат. Бүгүнкү күндө аталган мектепте жалпысынан 218 окуучу билим алат.
Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) 1992-жылдын 14-октябрында кабыл алынган резолюциясына ылайык, ар жылы, 3-декабрда майыптар күнү белгиленип келет. Ал эми акыркы жылдары кыргыз маалымат каражаттары “майыптар” деген сөздүн ордуна “ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер” деген сөздү колдоно баштаганы байкалууда.
Булак: NazarNews.kg