www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы өткөн коопсуздук кеңеште президент Соронбай Шарипович, тоо кен өндүрүштөгү ири зыян келтирип, андагы кен казуу өнүгүү багытында бир далай коррупциялык багыт өнүгүп жатканын белгиледи. Ал эми күч органы, өзгөчө прокуратура жана соттор мыйзамдуулукту көзөмөлдөбөй, коррупцияга жол бергенин баса белгилегени, коомдук жарандарга президент эн манилүү маселени көтөрдү деп эсептейбиз. Чындыкты ачыкка чыгарды, ошол эле убакта өкмөт тоо-кен тармагын көзөмөлдөн чыгарып, ууруларга ээн эркин жол берип койгону адамды кейитпей койбойт экен. Өлкөдө баш аламандыкка, уурулукка, карама каршы көрсөтүү ар бир адамдын милдети эмеспи.
Анда далидерге кайрылып көрөлүк, тоо-кен тармагындагы көмүр кени көзөмөлсүз калууда. Өкмөткө баары бир болуп калды. Себеби күч органы ошонун ичинде УКМК дагы эбегейсиз акча алганды үйрөнүп алышты. Ири көлөмдө көмүр уурдалып жатса, бир дагы мамлекеттик орган көзөмөл кылган жок. Каалагандай көзөмөлсүз көмүр урдалып жатса дагы бир дагы үн катпай келишет. Чынында мамлекеттин башкаруу системасы уурулук жолго түшүп, уурулар менен ынтымактуу алака түзүп, экономикалык кылмыш чөйрөсүн кеңейтип, өлкөгө ири зыян алып келүүдө. Ал эми көмүр кенин казууда мыйзам бузуулар менен көмүр кенин казып алып жатышат. Орусча айткан термин боюнча «свиноройства». Калың 20 – 30 метр кен чыккан жерди казып, азыраак 3 - 4 метр көмүр кени чыккан жерди, көмүрүн албай туруп ал жерди «отвалга» пайдаланып, топурак менен көмүп койгону эмнеси. Эсеп кысабы жок эле баягы илгерки кол жазма менен эсеп жүргүзүп уурулукка жол ачып алышкан. Жыйынтыгында алар көмүр казуу технологияны бузуу менен өлкөгө ири зыян алып келүүдө.
Ал эми Сүлүктүдө таптакыр көзөмөл жок. Ал жерде СССРден пайдаланбай калган шахталарга ишсиз калган «Апачилер» өзүм билемдик менен шахтага кирип көмүр казышып, анан ошол жерден ажал тапкандар жок эмес. Анткени ач көз, ууру геология ресурстарды тейлегендер башкармалыгы 180 көмүр казууга лицензия берүүгө жетишкен. Лицензия алгандардын көбү жең ичинен сатып алып, кайра ири каражатка сатып жүрүшөт. Лицензиянын ээлеринин көбүнүн көмүр казууга бир дагы шайманы жок эле же акча каражаты жок адамдар. Таң калыштуу кен казганга эксковатор, булдозер, самосвалдары, же болбосо таразасы жок эле шылуундар лицензия көтөрүп жүрүшөт. Азыр лицензиянын ээлери 200-300 миң АКШ долларына сатууга кардар издеп жүрүшкөнү четтен чыгат. Өкмөт ушуларды тактап иретке келтирип койсо болор беле? Күч органы эмне кылып жүрөт? Фискалдык орган көзөмөл жүргүзбөй алсыз болууда. Өкүнүчтүүсү өкмөттүк көзөмөл кылуучу органдын бардыгы ынтымактуу «доляга» олтуруп алышкан.
Урматтуу Сооронбай Шарипович, к арьерден чыккан көмүрдү накта акчага сатылган көмүр көзөмөлсүз бугалтериядан өтүп турат. Ал эми өкмөт сатып алган, мектеп, ТЭЦ, больница, өкмөттүк ишканалар алган көмүрлөр гана бугалтериядан өткөрүшөт. Сиз, уурулукка жол бербеңиз, Өкмөт ага көзөмөл кылсын. Эгерде чын пейил менен күч органы кызматташууга чакырса Кыргыз эли үчүн кызматташууга дайыма даярбыз, чындыкты бетке айтпаса өлүм ашкере дейт эмеспи.
Укук коргоочу Качкынбек Булатов
Булак:NazarNews.kg