www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-губернатор Эмилбек Каптагаев жакында «Фейсбуктагы» жеке баракчасына «баурдаштардын» президенти Касым Жоомарт Токаевдин «торго чырмалган» тагдыры боюнча пикирин жазып, эркиндикти сүйгөн кыргыздын азаматы «культличностко» чөгөлөбөй, силкинип чыга качканын бадырайтып ачып бериптир, деп жазып чыкты "Мантыш" гезити.
Түшүнүктүү болуш үчүн кененирээк айта кетсек Эмилбек Каптагаев мындай деп жазган: «Президент Токаевдин орто жолдогу бийлиги аягына чыкты көрүнөт, кыргызча айтканда «аркандалган аттай» эле ахвалга келип калыптыр. Казакстанда тээ илгертеден келе жаткан «аталык институту» орнотулуп, эки тизгин бир чылбыр кайрадан эле Елбасы Нурсултан Назарбаевдин колуна расмий берилиптир»-деп сөзүн баштаган Эмил Саламатович: «Ушуну карап отуруп Президент Сооронбай Жээнбековго кантип ыраазы болбой коебуз? «АТАЛЫКты» биринчиден болуп Атамбаев орноткусу келип жатпады беле. Ошол коррупцияланган чеңгээлден куткарганы эле эмне деген ЭРДИК?!Билген кишиге...
Негизи Кыргызстан бул чөлкөмдө «ак каргадай» эле ахвалда, жалаң авторитардык режимдердин арасында туруп, алардын «асмандагы айды чапчып» турушкан президенттеринин арасында жүрүш, алар менен сүйлөшүш, иш алып барыш Сооронбай Шарипович үчүн деле оңой эмес. Колунда алардыкындай бийлик жок, чөнтөгүндө алардагыдай пул жок, артында тиреп турган күчтүү экономика жок...» -деген пикирин жазган. Ойлоно турган сөз экен, эй!
Тереңдеп талдап көрсөк, чындыгында эле Кыргыздарды дагы далай жылдарга чейин чүлүктөй турган «аталыктан» Сооронбай Жээнбеков куткарып калды десек туура болчудай. Болгондо дагы кылдат анализ жүргүзүп, өз мезгилинен кечиктирбестен учурунда жасады, Эгерде, бир аз эле ыкшоолук кылганда, жагдай бүгүнкүдөй болмок эмес.
Дегенибиз, ЖЭБди, Тарых музей, Ипподромду жегендер, дагы башка коррупциялык элементтер ачылбастан, жабылуу аяк жабылуу бойдон калмак. Кыргыздын бетине көө жапкан Батукаевдин иши «былк» этпеген бойдон былчыйып турмак. Эң башкысы, өлкөнүн өнүгүшүнө жол ачылбай, далай жылдарга чейин ууру-кескилердин, ичип- жегичтердин барымтасында кала берээри айкын эле. Эгер азыркы Президент элди тандабай, өзүнүн тынч жашоосун, тынч келечегин, жанга тынч коопсуздугун тандаса кандай болмок деген суроо жаралат.
Эгерде, мурунку президент Алмазбек Атамбаев пландагандай, анын айткан тапшырмасын кынтыксыз аткарып, үн катпай отуруп бергенде, эл үчүн да, мамлекет үчүн да залакасы өтө чоң болмок. Муну эч кимибиз эстен чыгарбай, айта жүргөнүбүз эп. Өлкөдө мураскерлик институту калыптанып, далай жылдарга чейин элди эзип турмак.
Ошон үчүн «досун сатты» деп кыска ойлонбой, кыргыздарды «аталык» саясаттан сактап калды деп ой жүгүртсөк туура болчудай го ыя, кыргызымдын жакшылары. Бир кезде, «Качан бизден эч кимди аябаган Ли Куан Ю чыгат?» деп келсек, эми болсо «досун сатты» деп безеленип атабыз. Деги бизге эмне жагат, ыя?
Булак: NazarNews.kg