www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш.Жээнбековго

Кыргыз интеллигенциясынын 
өкүлдөрүнүн атынан

К А Й Р Ы Л У У

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Эң оболу Сизди Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланышыңыз менен куттуктайбыз! Кыргызстандын эли менен мамлекеттик бийликтин биримдигин бекемдеген кеменгер жана адилет мамлекет башчысы болооруңузга бекем ишенебиз!
Кылымдарды карыткан кыргыз эли кайсы доордо болбосун калыстыкты кадырлап, адилеттикти аздектеп келген эмеспи! Өзүнүн улуттук тилин, көөнөрбөс каада-салтын, маданий-тарыхый мурастарын көздүн карегиндей сактап улам кийинки урпактарга таберик мурас катары калтырып келет. 
Бүткүл аалам кыргыз элиники деп билген «Манас» эпосубуз 2009-жылы кандайча кытайларга өтүп кеткендигин көптөгөн кыргыздар билбей калгандыгы да тарыхый чындык. Дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 2013-жылдын 4-декабрында «Манас» кайра кыргыз энчисине кайтарылды. «Манас» үчилтигин мындан ары эч бир мамлекет талаша албай турган болуп 198 мамлекеттин мөөрү бастырылып, ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине катталгандагы кубанычы Кыргыз элинин эсинде сакталып, Кыргызстандын тарыхында жазылып калды. 
Бирок бүгүнкүдөй эгемендик доордо, эркин мамлекет катары өз алдыбызча өнүгүп-өсүү жолунда бараткан чагыбызда да көрпенделик сезимдерден куру эместер арабызда арбын. Алар таратып жаткан калпыс пикирлер эл биримдигине, өлкөнүн келечекке болгон ишенимине жана руханий өнүгүшүнө кедергисин тийгизип келет. 
Эгер биз, кыргыз аксакалдарынын, интеллигенциясынын өкүлдөрү акты ак деп айта албасак, караны актан айрып көрө албасак анда Элдигибиз кайсы!? Соңку 3-4 жылдын ичинде коомдук ишмер Карганбек Самаковго карата бир ууч адамдардын, анын ичинде укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин көралбастык жана жеке пайда табуу максатын көздөгөн жалган жалаа, кур дооматы кыргыз коомчулугунда кыжырданууну пайда кылып келүүдө.
Башкы прокуратура тарабынан К.Самаковго карата эч бир далилсиз жана мыйзамсыз кылмыш иши козголуп, камакка алынып, өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн укуктары басмырланып жаткан адилетсиздикке күбө болуп келдик. 
Өлкөнүн Башкы көзөмөл органынын тергөө Башкармалыгынын мурдагы начальниги К.Арпачиев жеке кызыкчылыгын көздөп К.Самаковдун үй-бүлөсүнөн 200 000 АКШ доллар пара талап кылып, анын 100 000 долларын алып жаткан учурда Улуттук коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, өз жазасын алган. Коомчулук алдында Башкы прокуратура кылмышкер коллегасы К.Арпачиевди коргоо “компаниясын” баштап, узак убакыттан бери жүздөгөн адамдарды курулай убарагерчиликке салып келет. Канчалаган мамлекеттик кызматкерлер, укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлери убактысын коротуп, мамлекеттик чыгымдарга жол берилүүдө. 
Эки жылдан бери созулуп келген соттук териштирүү учурунда Башкы прокуратура тарабынан күбө катары таанылган 60дөн ашык адамдын бири да К.Самаковдун күнөөсүн далилдеген бир да фактыны келтире албагандыгы жалпы коомчулукка дайын болду. Тескерисинче, күбөлөр прокуратура кызматкерлери укуктук-процессуалдык нормаларды бузуп, ар кандай коркутуп-үркүтүү методдорун колдонуу менен өздөрүнө ыңгайлуу болгон көрсөтмөлөргө зордоп кол койдурушканын айтып чыгышты (Күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү толугу менен аудио тасмага жазылып алынган).
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 26-беренесинде: Эч ким өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдөөгө милдеттүү эмес. Күнөөлүү экенине карата ар кандай шектенүү айыпталуучунун пайдасына чечмеленет,- деп так белгиленип турат. Тилеке каршы, Баш мыйзамдагы “Сот адилеттигин сот гана ишке ашырат. Судьялар Конституцияга жана мыйзамдарга гана баш ийет” деген принцип сакталбады. Эч бир далили жок, Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрүнүн жоромолунда гана куралган айыптоонун негизинде Октябрь райондук соту 2017-жылдын 19-декабрында Карганбек Самаковго карата айыптоо өкүмүн чыгарып, 10 жылга абакка кесип олтурат. 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Кыргыз Эли, анын ичинде мамлекеттик жетекчилер ар бир мекенчил, жаратман уул-кыздарын мамлекеттик колдоого жана коргоого алып, алардын андан аркы жалпы эл үчүн иштиктүү аракеттерди жасай берүүсүнө мүмкүнчүлүктөрдү жана кепилдиктерди түзүп берүүгө тийиш,- деп ойлойбуз. 
Коомдук ишмер, КРнын Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты Карганбек Самаков бүгүнкү күндө Бишкектин СИЗО-1 абак жайында кармалып турат. Ал буга чейин эле ден-соолугу начарлап кан басымы кескин көтөрүлүп, бөйрөгүнө эт өсүп дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп келген. Акыркы учурда К.Самаковдун ден-соолугу олуттуу начарлап кеткендиги коомчулукту тынчсыздандырууда. Андыктан К.Самаковго жана анын үй-бүлөсүнө карата негизсиз жана мыйзамсыз козголгон кылмыш иш боюнча жүрүп жаткан соттук териштирүүлөрдүн мындан аркы так жана адилет жүрүшүнө (Октябрь райондук сотунун өкүмүнө карата Бишкек шаардык сотуна даттануу келтирилген) Сизди көңүл бурат деген терең ишенимдебиз! 

Сизди терең урматтоо менен, жалпы кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрүнүн атынан:

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости