www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кайрымдуулук уюмдарынын ишин жөнгө салуучу жаңы нормалар иштелип чыкты. Бул жөнүндөгү мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш коомдук талкууга чыгарды.

«Меценаттык жана кайрымдуулук иши жөнүндө» мыйзам 1999-жылдын 6-ноябрында кабыл алынган. Ага ылайык, коммерциялык бирикмелер ыктыярдуу негизде “кайрымдуулук уюму” деген макам алууга укуктуу. Алар үчүн Салык кодексинде жеңилдиктер каралган, бирок бир да уюм андан пайдаланбайт. Себеби кайрымдуулук уюму деп таанылыш үчүн өз кирешесинин 98% кайрымдуулук максаттарына, 2% гана административдик муктаждыктарына сарптай алат.

“Бул шартты иш жүзүндө аткаруу мүмкүн эмес, анткени кирешенин 2% менен бир да уюм жашай албайт” деген демилгечилер «тең салмактуулук» вариантын иштеп чыгышты.

Депутаттардын белгилешинче, сунушталган мыйзам долбоорунун кабыл алынышы социалдык, экономикалык, укуктук, гендердик, экологиялык жана коррупциялык кесепттерге алып келбейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости