www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Быйылкы жылды ачып берген алгачкы акыйнек айтышуу Бек Борбиев менен Илим Карыпбековго буйруган экен. Алардын акыйнегин сындагандар эки жаат болуп соц түйүндөрдө айтышып жатат.

Бул кырдаалга саресеп салган Назира Айтбекова төмөнкүдөй өзүнүн пикирин калтырган:

"Соц тармактардын өнүгүүсү эркектердин тилин узартты го, ээ? Илгери эркекче бурчка жетелеп барып туруп, тумшуктарын жалпайта коюп, "Эр чекишпей, бекишпейт" деп күптүсү чыгып, түшүнүшүп алар эле.

Азыр телепондун артында акыйнек айтышып, кимиси көбүрөөк, курчураак, узунураак статус жазса, ошол утат деген түшүнүк.

Жеке мен үчүн өөн учурайт. Эркектик сапатты ылдыйлатпай элеби, же мага эле ушундай көрүнүп атабы? Цивилдик жашоодо сөөмөйдүн учу эле иштегени туурабы же? Таң! Кызыктай көрүнүш!

Ушак ташып, кыздардын статусу, сүрөтүнүн алдында сындап, жамандап, каргап, сөгүп комментарий жазгандардан көңүлүң айланат тим эле! Ылдый жагында бир карыш эт "лишний" өсүп калганы эле болбосо, эркектик сапат, намыс, касиет жок! 

P.s. P.s. Бүтүндөй эмес айрым этек жарашчу эркектерге тиешелүү! Жакшылары, самопал эместери бар. Кызыл китепке кирчүдөй азсыңар бирок!"- дейт Айтбекова өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости