www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экинчи бийлик алмашуудан кийин бешинчи чакырылыштагы парламентке күчтүү лидерлер келгенин танууга мүмкүн эмес.

Маселен, Алмазбек Атамбаев өлкөнү башкарып турганда кандай гана күчтүү лидерлер менен кээде пикири келишпей, бирок алар менен тил табышып турганы ырас болчу. Ошол эле “Ата Мекендин” баштыгы Өмүрбек Текебаев, “Ата Журттун” лидери Мыктыбек Абдылдаев, “Ар Намыстын” лидери Феликс Кулов, “Республиканын” лидери Өмүрбек Бабанов, КСДПнын лидери Чыныбай Турсунбековдорду бир “үйүргө” кошуу абдан оор эле.

Ага карабастан мамлекеттин бүлүнгөнүн кайра ордуна келтирүүгө, каражат табууга, өлкөнү туруктуу сактоого, элдин бүйүрүн кызытпоого жетишкени кызылдай чындык. Өлкө кыйын акыбалда турганда Атамбаев өзүнүн саясий эркин тастыктаганын, кажыбас эмгегин сарптаганын керек болсо айыгышкан душмандары деле моюндап жатканы реалдуу чындык. Айтор, алты жылдык мээнети текке кетпегенине кээ бирөөлөрдүн ичи өрттөнүп кетерин билсек деле айтып коюуга дитибиз барганын кыстара кетели.

Легитимдүү президент болуп таанылган А. Атамбаев бийликти өз мөөнөтүндө тапшырып бергенине эки жылга чукулдап калды. Тилекке каршы туулган жердин турпагын алтындан артык көрүп, кыргыз жергесинен чыкпоого дилин төшөгөн кишиге азыр кастарын салып тургандардын ниетине карапайым калктын бушайман болуп турганы жөн жерден эмес.

Албетте, ириде азыркы бийликтин башындагылар кеткен адамдын зоболосун ылдыйлатууга ниетин бурганы ачык байкалып турат. Ушул жерден сөзүбүздү жогорто башталган нукка буралы. Учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков азыр кайсыл лидерлер менен кездешип, маселе чечип жатканына азыноолак токтолсок кеп мындай. Фракциянын башындагылар кимдер? КСДПны Иса Өмүркулов, “Ата Мекенди” Алмамбет Шыкмаматов, “Кыргызстанды” Алмаз Баатырбеков, “Республиканы” Жыргалбек Турускулов, “Бир Болду” Алтынбек Сулайманов, “Өнүгүүнү” Бакыт Төрөбаев жетектөөдө. Кана айткылачы, мурдагы чакырылыштан майдаланып кетиптирби?

Сөзсүз түрдө кичирейип калышты лидерлер. Анан калса спикер Дастан Артисбековичтин деңгээлинин пастыгынан ого бетер парламент элдин “шакыйына” айланды. Он кишиге собол салсаң сегизи бул парламенттин тарап кетишине макулдугун берет. Колду төшкө коюп көкүрөгүндөгү быкшыган көйгөйүн айталбаган лидерлерден анан кайсы кыйраткан акыл чыкмак эле? Баары эле өз көмөчүнө күл тартууга, кара жанын аман алып калууга үрпөңдөп жүрүшсө кайдагы мекенчилдикти кеп кылмакпыз? Коркконго кош көрүнөт болгон, какаганга муштагандар чогулган бийлик бутагынан деги кайсыл жакшылыкты күтүүгө болсун? Кечинде болду кетиребиз деп шымалангандар, эртеси башын шылкыйтып чечиминен артка кайтып өкмөттү колдоп бергенин көрүп туруп кайдагы таза депутат тууралуу кепти козгомок элек. Сатылма, жагынма, күн карамалардан карапайым калк эбак үмүтүн үзүп коюшкан. Азыркы парламент кагаз жүзүндө гана жашаган, реалдуу турмушта жансыз бийлик бутагы катары саналып калганын да танмак белек?

Капаштын баласы абдан туура сыпаттаган. Крокодилди Нарын дайрасынан эмес тор салбай туруп парламенттен чак түштө кармаса болот. Негизи Сооронбай Жээнбеков баш оорутпай эле депутаттар кандай чечимдерди чыгарышы керектигин алдын-ала “ышкырып” койуп башкарса болорун өздөштүрүп алды. Көндүм болуп калышкан эл өкүлдөрү ошол “сигналды” эле күткөндөй абалдын жаралганы аныкталып калды. Тарс эттире өз сунушун билдирүүгө умтулган, калк талабын жеткирүүгө ашыккан лидерлердин жоголгону мамлекеттин мокоп баратканынан кабар берет дегенге кана ким курч жообун бере алат?

Эч ким. Ошондуктан чала ачыган “камырдай” болгон парламенттен, мурдунан алысты көралбаган өкмөттөн кутулбаса президенттин иши алдыга озбойт. Чынынан бузулбаган кепке ажо деле кулак салып, туура жыйынтык чыгарууга бет алса оңолуунун жолуна түшмөк, - дейт "Ачык сөз" гезити.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости