www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр Орусиялык телевидениеде алып баруучу, ырчы болуп, “Инстаграммда” 16 миллион подписчиги менен жылдыз болуп жаткан Ольга Бузовага ага чейин ким эле? "Дом 2” реалити-шоуда жүргөн "бузулган" кыз болчу. Дал ушул кыз 19-июлда Бишкектеги лаунж бардын ачылышына карата уюштурулган концертке конок катары чакырылып, келип кетти. Уюштуруучулар концерттен кийин ага саймалуу чепкен, калпак жана камчы тартуулашкан. Бузова баалуу белектин баркын билмек беле, бөлмөсүнө барганда кийип, колуна камчыны кармап, үстөлдү, жерди чапкылап ойноп, ырдап, бийлеген. Мындай тасма социалдык тармакка тарап, кыргыздар алигүнчө намыстанып. сөз кылып келишүүдө. Биздин баалуу белектер аялдарга бериле баштаганы боюнча биз белгилүү адамдарга кайрылып, пикирин уктук.

- Аял кишиге чепкен, калпак, камчы берилбейт. Бул тээ илгертен бери эле келе жаткан ата-бабалардын салты. Тилекке каршы, кийинки күнү: орусунабы, негринеби, айтор, кайсыл улуттун өкүлү болбосун, кыздарынын башына калпак, үстүнө чепкен жапканды адатка айлантып алышты. Эми камчысын да кошо кармата баштады. Бул өтө жат көрүнүш, каратып туруп эле биздин каада-салтты тебелеп-тепсөө деп эсептейм. Мындай жат көрүнүш менен катуу күрөшүү керек! Чара көрүү жолун табуу абзел!, - деди Шейшекан Жаналиева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости