www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү соттордун судьяларын дайындоо жана аларды Жалал-Абад, Ош, Талас облустук сотторуна жана Бишкек шаардык сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберүү жөнүндө Жарлыктарга кол койду.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеши тарабынан КР Жогорку сотуна 1, Жалал-Абад облустук сотуна — 1, Ош облустук сотуна — 3, Нарын  облустук сотуна — 2, Талас облустук сотуна — 5 жана Бишкек шаардык сотуна — 2 талапкерди судьялык кызмат ордуна дайындоо боюнча сунуш киргизилген.

2019-жылдын 19-июлунда Мамлекет башчысы талапкерлердин айрымдары менен аңгемелешүү өткөрдү. Аңгемелешүүнүн жыйынтыктарын, кошумча берилген материалдарды эске алуу менен Президент Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторуна 7 талапкер боюнча аталган Кеңештин сунушуна макул болду.

Талапкерлер тууралуу түрдүү мамлекеттик органдардан талап кылынган кошумча материалдарды изилдеп чыгып, Мамлекет башчысы 7 талапкер боюнча материалдарды Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди.

Мамлекет башчысы жергиликтүү соттордун 7 талапкери боюнча Жарлыктарга кол койду.

Биринчи Жарлык менен Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары болуп 7 талапкер дайындалды.

Экинчи Жарлык менен дайындалган судьялар судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн:

— Жалал-Абад облустук сотуна — Жоробеков Токтосун Сайзилдаевич;

— Ош облустук сотуна — Масабирова Тарифа Жаанбаевна, Пирматов Каныбек Алимканович;

— Талас облустук сотуна — Алдашов Азамат Зарылбекович, Иманалиева Айнура Касымбековна, Курманбаев Жекшеналы Анарбекович;

– Бишкек шаардык сотуна – Маматалиева Айнура Сайбидиновна.

Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Последние новости