www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда Укук бузуулар жөнүндө кодекске жана тышкы миграция тууралуу мыйзамга өзгөртүүлөрдү кабыл алды.
Жаңы нормаларга ылайык, жол жүрүүчү бөлүктөрдө же коомдук жайларда адамдардан акча сурап, кайырчылык кылган жарандар 20–30 сааттык коомдук иштерге тартылат же үч суткага чейин камакка алынат.
Эгерде мындай мыйзам бузуу бир ай ичинде кайра кайталанса, жаза күчөтүлүп, 30–40 саат коомдук иш же 3төн 5 суткага чейин камак каралат. Ал эми чет өлкөлүк жарандар тарабынан кайталанган учурда, аларды өлкөдөн чыгаруу чарасы колдонулушу мүмкүн.
Мындан тышкары, кары-картаңдарды, психикалык оорулары бар адамдарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды жана балдарды кайырчылыкка мажбурлаган адамдарга 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынат. Мындай мыйзам бузуу чет өлкөлүктөр тарабынан жасалса, алар да өлкөдөн чыгарылышы мүмкүн.
Учурда мыйзамдын аткарылышын камсыз кылуу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.