www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беларуста мажбурлап кондурулган учактан уурдалып, камакка алынган активист Роман Протасевичтин ата-энеси Дмитрий жана Наталья Пратасевичтер Германиянын канцлери Ангела Меркелге кайрылып, уулун бошотууга көмөктөшүүнү суранды.
Бул тууралуу алар Bild немис телеканалына 12-июнда курган интверьюсунда билдиришти.
Алар Минскиде жаткан уулу жана башка саясий туткундар кыйноого кабылып жатканын белгилешти.
"Биз күнөөсүз адамдарды түрмөдөн чыгарып берүүгө жардам кылууңузду көптөн-көп суранабыз. Аларга чукул жардам керек, анткени күн сайын “садизмге жана зомбулукка” туш болуп жатышат”, - дешти интервьюда.
Дмитрий жана Наталья Пратасевичтер 10 ай мурда Беларустан качып чыгышкан, учурда Польшада күн кечиришүүдө.
23-майда беларус бийлиги Грециядан Вильнюска бараткан учакты «бомба бар» деген жалган шылтоо менен кондуруп, ичиндеги Роман Протасевич менен анын сүйлөшкөн кызы София Сапеганы камаган. Батыш мамлекеттери, укук коргоо уюмдары, оппозиция авторитардык лидер Александр Лукашенконун бул аракетин сынга алып, журналисттин бошотулушун талап кылып келет.
Булак: NazarNews.kg