www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2017-жылдын 1-июнунан тарта 2013-жылы 7-майда кабыл алынган Орусиянын "Жол коопсуздугу жөнүндө" федералдык мыйзамына жана Орусия Федерациясынын администртивдик укук бузуулар Кодексине киргизилчү өзгөртүүлөр тууралуу" нормасы күчүнө кирет. Ага ылайык, чет элдик айдоочуулук күбөлүктүн негизинде транспорттук каражатты башкаруу менен байланышкан ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынган. Бул туурлауу Москвадагы жергиликтүү кабарчыбыз Камчыбек Бостон билдирди. 

"Чет элдик айдоочулук күбөлүктүн негизинде жеке ишмердүүлүк менен алектенген айдоочуларга 5 миңден 15 миң рублга чейин айып салынат. Чет элдик жаран транспорттук каражатты башкарууга байланыштуу жеке ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Орусиянын айдоочулук күбөлүгүн алышы зарыл. Ал үчүн жаран Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча мамлекеттик инспекцияга арызы менен кайрылышы керек. Экзамендерди ийгиликтүү тапшыргандардын гана күбөлүктөрү алмаштырылат. Ал эми Орусиянын эл аралык келишимдерине ылайык талапка жооп бербеген чет элдик айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылбайт", - деп билдиришти Миграция кызматынан.

Ошондой эле, өзгөртүүлөргө ылайык, унааны жеке өзү үчүн айдаган айдоочулар өзүлөрүнүн улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн колдоно алышат "Бул өзгөртүүлөрдүн эл аралык каттамда жүргөн транспорт каражаттарына тиешеси жок. Бул кырдаалга байланыштуу тоскоолдуктарды жокко чыгаруучу компромисстик сунуш киргизүүнү туура көрүп жатабыз", - деп кошумчалашты кызматтан.

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилиги Орусияда чет өлкөнүн айдоочулук күбөлүгү менен иштегендер 1-июндан тарта жумушка чыга алышпастыгын кабарлаган.

Камчыбек Бостон, NazarNews.kg

Москва шаары

Последние новости