www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизге келген маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-апрелинде Ысык-Ата районунун аймагында, Казакстан менен чектеш чек ара постунан ири өлчөмдө наркотика жүктөп бараткан оор жүк ташуучу автоунаа кармалган.
Тинтүү учурунда 26 кг гашиш табылат. Бул кармоо операциясын ИИМдин кылмыш иликтөө башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча башчысы Орунбай Кочкоров жетектеген. Алишер аттуу опер да бар... Натыйжада, булар наркотикалык затты түштүккө алып кетишип, 250 миң долларга “сындырышканбы”? Орто жерден шопур камалыптыр.
Ал эми наркобизнес менен шугулданган эргулду калкалап калышканы кандай? ИИМ орун басары Эркебек Аширходжаев, тергөө башкармалыгынын начальниги Азамат Жумабаев “крыша” болушканбы? Эмнеге материалды басып жатышат? УКМК бул боюнча калыс иликтеп, дыкат текшерүү жасаса баары камалып кетишеби? Камчыбек Ташиевге кабар жетсе, адилеттүү, мыйзамдуу жолдо чара көрөбү?
Андан арылай сүңгүсөк, Орунбай Кочкоров жөн иштебеген шойкомдуу кадр катары ачыкталабы? Ал Сүлүктү шаарынын мэрин 40 кг героин менен кармап, ишти жабуу үчүн арбын акча алып койгонбу? Ушундай шектүү кадрды дайындоодо эмнеге текшеришпейт?
Айтмакчы, Данияр Абдыкаров ИИМдин орун басары убагында бул эргул Кадамжайда РИИБ начальниги катары иштеп, Баткенге уурдалган машиналарды кесиптештери алпарышса, андан ары Тажикстанга өткөрүүгө көмөктөшүп, кыныгын алышканбы? “Кыңыр иш кырк жылда билинет” дейт. Азыркы заманда көпкө узабайт эмеспи. Биздин жогорудагы суроолорго кимиси жооп бере алат?
Булак: Азия News гезити