www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Касым-Жомарт Токаев: Биз баарын жеңебиз деп ишенем

Бүгүн, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Консультативдик жолугушуусу өтүүдө.

Жыйында биринчи болуп Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев сөз сүйлөдү. Ал белгилегендей, биргелешкен күч-аракеттер менен өлкөлөр ортосундагы сооданын көлөмүн пандемияга чейинки деңгээлге кайтаруу гана эмес, аны 6,2 миллиард долларга, башкача айтканда, 42%га көтөрүү мүмкүн болгон.

"Учурда Борбор Азиядагы кызматташтык жаңы чакырыктарга туш болууда, бирок биз баарын жеңебиз деп ишенем. Байыртадан бери биздин өлкөлөрдүн аймактары бүт дүйнөнү байланыштыруунун ачкычы болуп келген. Дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын фонунда биз ар кандай маселелерди цивилизациялуу жана тынчтык жолу менен чечүүнүн үлгүсүн көрсөтүшүбүз керек», - деди Токаев.

Ал ошондой эле коопсуздук жана дипломатия тармагындагы кызматташтыкты чыңдоо тууралуу айтты. Анын пикиринде, аймак «тынчтыктын, гүлдөп-өнүгүүнүн жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн кеңири зонасына» айланышы керек.

"Казакстан чек араларын толук делимитациялоону жүргүзгөн жалгыз өлкө катары чек араларды делимитациялоо боюнча эксперттик платформа түзүүнү сунуштап жатат. Маселени Тышкы иштер министрлиги көзөмөлдөй алат", — деди Токаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости