www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бактыга жараша президент «подкуп» болбосун деп, каттуу көзөмөл кылууда», - деди бүгүн, 16-ноябрда, NazarNews маалымат агенттигине Коррупцияга каршы коомдук көзөмөл кыймылынын төрагасы Камил Умаров.

Ага кошумча: «Акыркы учурда элдик көтөрүлүш чыкты. Эмне себептен чыкты, элдин баарына дайын. Ошондуктан, учурдагы бийлик баарына дыкаткөзөмөл кылбаса болбойт.

Президент Садыр Жапаров жанындагы жан-жөкөрлөрүнө ишенбестен, мамлекеттин тагдырын бекем кармашы керек. Сыртта кымбатчылык болгону менен, парламенттик шайлоого аттангандардын алдынын аракети катуу болуп жатса, саясый карышкырларга четтен көзөмөл кылууда. Бактыга жараша президент «подкуп» болбосун деп, каттуу көзөмөл кылууда. Эми калганын көрө жатарбыз, - деди Умаров.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо ушул жылдын 28-ноябрына белгиленген. Шайлоонун жыйынтыгында Жогорку Кеңештин 90 депутатынын 54ү Кыргызстан боюнча бирдиктүү округдан партиялык тизме менен, ал эми 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келиши керек.

Эске салсак, мурунку парламенттик шайлоо 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, аягы өлкөдө бийлик алмашуу менен аяктаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости