www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 28-ноябрга белгиленген Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдар боюнча ат салышып жаткан 321 талапкерди каттады. Анын ичинен 24 талапкер шайлоого катышуудан баш тартуу боюнча арыз жазышкан.
Ошентип, 15-ноябрга карата шайлоо өнөктүгүнө 297 талапкер катышууда.
Региондор боюнча талапкерлердин саны төмөнкүдөй:
Баткен облусу – 37 талапкер;
Ош облусу – 49 талапкер;
Жалал-Абад облусу – 45 талапкер;
Талас облусу – 13 талапкер;
Чүй облусу – 59 талапкер;
Бишкек - 27 талапкер;
Нарын облусу – 27 талапкер;
Ысык-Көл облусу – 39 талапкер.
Белгилей кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.
Булак: NazarNews.kg