www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 14-январда Кыргызстан профсоюздар федерациясынын мүчөсү жана Кыргызстан токой тармактагы кызматкерлер профсоюзунун төрагасы Канат Осмонов маалымат жыйынын өткөрдү.

Анын алкагында Канат Осмонов Кыргыз Республикасынын профсоюз федерациясынын төрагасы Мирбек Асанакуновдун бир катар мыйзамсыз иштери боюнча жана профсоюздар федерациясынын башкы штабындагы акыбалы тууралуу маалымат берди.

Канат Осмонов маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстан профсоюздар федерациясына көңүл буруп коюшуна Президент, Өкмөт жана Жогорку Кеңешке кайрылды. Анын айтымында, аталган федерациянын төрагалыгына Мирбек Асанакунов келгенден бери федерациянын акыбалы оорлоп, кризистик абалда калган.

“Биздин уюм эмгекчилерди коргоо эмес эле кордоо уюмуна айланып баратат. Бүгүнкү күндө профсоюздун акыбалы өтө оор. 2018-жылы федерация 2019-жылдын эсебинен жашап жатты. Биринчи май райондук сотуна Мирбек Асанакуновдун 2017-жылы шайлангандагы токтом жараксыз деп табуу боюнча бир эмес, эки ирет кайрылганга мажбур болдум. Бирок, тилекке каршы, менин доо арызым кабыл алынган жок.

Мындан тышкары, “Чолпон- Ата” эс алуу үйү, Бишкектеги “Кыргызстан” жана “Ысык-Ата” санаторийи банкрот акыбалына жетип калды. Ошол жердеги туура эмес иштеген жетекчилердин каталарын айтып келсек жетекчилик эч кандай чара көрбөй жатат. Сунуштарыбыз да каралган жок”, - дейт Осмонов. Мындан тышкары, Мирбек Асанакуновдун жубайы Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова жолдошунун кызматына тиешеси бар деп кошумчалады. “Бул адамдын жубайы Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова. Ал Жогорку Кеңеште Социалдык маселелер боюнча комитеттин төрайымы. Федерациясынын кеңешинде тескери, туура эмес кылган иштери боюнча сунуш киргиздим. Добушка коюңуз десем добушка койбой койду”- деп кошумчалады Осмонов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости