www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Руслан Казакбаев деген Өмүрбек Бабановдун “бөрк ал десе баш алган” желдети” бар. Акаев учурунда Тышкы иштер министрлигинин чет элге виза берүүчү бөлүмүн жетектеп, ал жерди өзүнүн жеке менчик туристтик компаниясындай пайдаланып оңбогондой олжого туйтунган, деп жазат Jele.kg. Кийин капитал топтогон соң жердеши Бабановдун “этегине эрмешип” чоң саясаттын даамын татып депутат болгон. Ушул эргул кийинки кезде, өзүнүн мээ чөйчөгүн “полный отключение» кылып бир туруп Атамбаевдин, бир туруп Бабановдун “айдагы” менен тирилик кылып калды. Узун кулак “угарман Мамыттардын” айтымына караганда, баскан-турганынын баарын экс ажо менен кеңешип анын “консультациясы” жок керек болсо дааратканага барбай калган дешет. АША болсо, Казакбаевге Бабановдун калк арасындагы кадыр-баркын кантип жогорулатуу жана анын атаандаштарына “жугунду төгүү” боюнча “мастер класстарын” катыра берип жатат кербези экен. Башкасын айтпаган күндө дагы депутат Зарылбек Рысалиевдин түкүрүп жаткан илгерки сүрөтүн издеп таап ошону менен генералдын кадыр баркын тебелемеке “генеральный план” түзүп жаткандарын да эшиттик. Кыязы, “чылпагын алам деп, көзүн чукуган” жорукту Казакбаев кайталайт окшойт. Болбосо, Бабанов да Рысалиев да Казакбаев өзү дагы айтылуу Талас жергесинин тың чыкмаларынан. “Өз агасын агалай албай, башка бирөөнүн агасын сагалаган” Казакбаев Атамбаевдин айдагы менен акыры Бабановдун башын түрмөгө тыкпаса болду. Мындайда азыркы бийликке да таң калат экенсиң. Чет жакта жатып алып АША менен “күбүр шыбыр болгон” Бабановду “башынан сылабай эле” эл аралык издөө жарыялап камакка алса ким кой деди? Кыскасын айтканда АША менен Казакбаевдин саясий жүрүштөрү акыр аягында Бабановдун тагдырына балта чабат сыяктанат...
Булак: NazarNews.kg