www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каракол шаарында болуп өткөн, Кыргыз Эл жазуучусу Аман Саспаевди эскерүү кечеси талаштуу жагдайларды жаратты. Алсак, кече, 22-ноябрда К.Тыныстанов атындагы ЫМУнун тарбия иштери боюнча проректору Бактыбек Атыгаев, Фейсбуктагы баракчасына бул иш-чара тууралуу жазып чыккан.

Анда аталган окуу жайдын студенттеринен турган "Жалын" элдик театры, Саспаевдин калемине таандык "Каныкейдин алтын билериги" аттуу пьесаны тартуулашканы айтылат. Ал эми эскерүү кечесине агайдын өмүрлүк жары, уул-кызы да катышып, иш-чараны уюштургандарга ыраазычылыктарын билдиришкени белгиленет.

Таза кызык мына ушул билдирүүдөн соң башталды. Тагыраагы, “Жалын” элдик театрынын жетекчиси Кыял Асаналиева белгилүү жазуучунун эскерүү кечесин уюуштургандарга нааразы пост жазды. Анда, залга адам толбой жазуучунун жубайы жана уул-кызына уят болушканын жазат.

Мындан улам, аталган эки агартуучуга NazarNews.kg маалымат агентиги собол салып, маселеге кызыгып көрдү. Атыгаев азырынча жооп кайтара элек. Ал эми Асаналиева, бул эскерүү кече башында эле талаш менен башталганын айтып берди.

Кыскасы, уюуштруучу проректордун эмгеги менен дүйнөлүк көлөмдөгү жазуучунун кечесине караганда, биринчи курстун стунденттерин кабыл алуу кечеси шаңдуу өткөрүлгөн. Ошондой эле учурда аталган театрга бут тосуу болуп, жабуу сунушу түшүп жатыптыр. Бул боюнча өзүнчө макала жарыялайбыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости