www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Кочкор айылында Кыргыз ССРинин БК Компартиясынын биринчи секретары Турдакун Усубалиевдин музейи курулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакында эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев музей курула турчу жерге капсула койду. Ошол эле жерге Усубалиевдин эстелиги орнотулат. Абылгазиев долбоордун эскиздери менен таанышып чыкты. Басма сөз кызматынын сүрөтүнө караганда имараттын төрт долбоору иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, Турдакун Усубалиевге быйыл 100 жыл. 22-ноябрда атлган райондо көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгына арналган маданий иш чара өткөрүлүп, ага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев катышкан.

Мааракелик жыйынды ачкан Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нурлан Керимкулов залкар инсандын мааракеси республикалык жана облустук деңгээлде жогорку уюшкандыкта өткөрүлүп, бүгүн кичи мекенинде жыйынтыкталып жаткандыгын белгилеген 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости