www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектен Кара-Балтага кеткен жолдо эки автоунаа кагышып, үч киши каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын Чүй облустук бөлүмүнөн кабарлашты.  

Маалыматка караганда кырсык, бүгүн, 21-январда саат 6:30 чамасында  Бишкек жана Кара-Балта шаарларынын ортосундагы жолдо катталган. Сокулук районунан чыккан Honda Accord Бишкекти көздөй келе жатып, Mercedes Sprinter кичи автобусу менен кагышкан. Экинчи автокөлүктүн Бишкектен Кара-Балтаны көздөй бара жатканы айтылды.

“Үч адам каза таап, кеминде бешөө жарадар болду. Алдын ала берилген маалымат боюнча, Honda Accord автоунаасынын айдоочусу уктап кеткен", — деп билдиришти милициядан.

Учурда тергөө иштери башталды.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости