www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интерполдун мурдагы жеткечиси Мэн Хунвэй 13,5 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимге анын 2, 1 миллион $ пара менен колго түшкөндүгү себеп болгондугун “РБК” агенттиги CCTV каналына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Мындан сырткары, Мэн Хунвэй 2 миллион юань ( 290 миң $) төлөөгө милдеттендирилген.
Белгилүү болгондой Мэн бул чечимге каршылык билдирбеген, ал эми анын коргоочулары апелляция берген эмес.
Соттун маалыматына караганда 2005-жылдан 2018-жылга чейин Мэн Хунвэй Кытайдын Деңиз полициясынын жетекчиси жана Коомдук коопсуздук министринин орун басарлыгы кызматтарынан кыянаттык менен пайдаланып, жеке кишилерге жана ишканаларга сыйлык үчүн кызмат көрсөтүп келген.
2018-жылы октябрь айынын башында Мэн Хунвэй Интерполдун жетекчиси кызматында иштеп, Кытайга эс алуу өргүүсүн өткөргөнү кеткен боюнча келген эмес. Ошол себеп Лиондо (Франция) жашаган жубайы полиция кызматына кайрылган. Кийинчерээк Кытай полициясы Мэн Хунвэйди коррупцияга шектелип кармалганын билдирген. Натыйжада Инетерполдун жетекчиси отставкага кетүүгө арыз берген.
Кытай Эл Республикасы аны кызматтан бошотуп, коммунисттик партиядан да чыгарып салышкан. Апрелдин аягында Кытай жогорку прокуратурасы аны камакка алды.
Эскерте кетсек, Кытайда корруционерлер атып же ийне саюу аркылуу өлүм жазасына тартылат. Бул өлкөдө жылына 4 миңден ашуун киши өлүм жазасына тартылаары айтылганы менен чыныгы сан мамлекет тарабынан жашыруун сыр сакталат.
Булак: NazarNews.kg