www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каргашалуу эки түн. Зөөкүр аталардын балдары энесиз калды

Ур-токмокко алынган, зордук-зомбулукка кабылган көмүскөдө калган аялдар канча ачыкка чыгып, коомчулукка тараганы алардын айрымдары гана. Учурдагы энесиз жетим калган балдардын ыйы коомчулуктун жүрөгүнө  тамчы болуп  тамып  турат. Аялына кол салган аталар кылган ишин мойнуна алган күндө да, балдарынын тагдырын ысык мээримден ажыратып салганы көңүл кейитерлик көрүнүш.

Дал ушул үрөй учурган окуялар тууралуу  “Кыргыз Чоролору” коомдук бирикмесинин жана “Кырк чоро” кошуундарынын жетекчиси  Замирбек Кочорбаев Фейсбуктагы баракчасына төмөнкүдөй жазып чыкты:

“Бул каргашалуу күндөрдө эки үй-бүлөнүн очогунда оту өчүп, балдарын эркелетип, алардын бактысына бөлөнбөй, апалары муздак кара жердин кучагында калышты. Баткенде, Кочкордо күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, каза болгон маркум келиндердин жакындарына көңүл айтам. Бул суук кабарды угуп биздин дагы кабыргабыз кайышып турат. Ушул маселелер боюнча жергиликтүү РИИБнүн башчысы "бизге жубайлар урушуп, же күйөөсү мас абалында ур-токмокко алып жатканы жөнүндө кабар келгени менен биз эч нерсе кыла албайбыз.

Бизди 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдар менен колу бутубузду кишендеп койгон. Мурун мындай кабар түшкөндө ар кандай аракеттерди көрчү элек. Жок дегенде 15 суткага камап койчубуз. Азыр өлтүрүп салгандан кийин гана чара көрө алабыз" дейт. Дагы бир фбда Алмира аттуу журналист карындашым "жаш балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн учурлар да байма-бай кайталанууда. Мурунку мыйзамдарга караганда учурдагы 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдарда педофилдердин жазасы жеңилдетилиптир" -деп билдирүү таратты. Ошондон кийин менде ушундай пайдасынан зыяны көп мыйзамдарды кимдер жазган, кимдер каржылаган деген ой келди. Жообун да таптым. Батыш каржылап бир нече миллион евро берген экен, ал эми ошол мыйзамдарды кайра эле батыштын акырынан жем жегендер жазышып, 2017-жылы биздин чимкирик парламентибиз оптом кабыл алып таштаптыр. Кызык анда эмнеге кайра эле ошол батыштын акырынан жем жегендер биринчилерден болуп аялдардын, жаш балдардын укугу деп кыйкырып чыгып жатат. Ошол мыйзамды жазып жатышканда эмнени ойлонушкан. Айтор менде толтура суроо”,- деп жазган Кочорбаев.

Эми алардын ортосундагы үч бала  энесиз калышты

Баткенде аялын өлтүрүүгө шектелген жергиликтүү тургун кармалып, окуя 4-январь түнү саат 01:00 чамасында  болгону аныкталган.

26 жаштагы келинди Баткен облусунун ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткиришкен. Бирок  ал ооруканага жеткенге чейин эле жан берген. Ыкчам тергөө тобу ооруканадан келиндин сөөгүн карап, анын колу менен буттарынын териси күйүктөн шылынып калганын көрүшкөн. Тергөө ишинин жүрүшүндө 3-январда жубайлардын ортосунда чыр чыкканы маалым болгон.

Эми алардын ортосундагы үч бала  энесиз калышты.

Дагы бир каргашалуу түн

Нарын облусунун Кочкор районунда 36 жаштагы жергиликтүү тургуну   ур-токмоктон улам каза болгон.

Окуя 31-декабрдан 1-январга караган түнү болуп, Жаңы-Жол айылына “Тез жардам” кызматы чакырылган. Дарыгерлер айтылган дарекке келгенде аял сөөгүн кабыл алууга мажбур болушкан. Мыйзам боюнча дарыгерлер милиция кызматкерлерин чакырган.

“Биз аталган дарекке келгенде 36 жаштагы аялдын бети кан болуп жаткан жансыз денесин таптык”,-деп билдирген ведомстводон. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун күйөөсү А.У. жубайы экөөнүн ортосунда чыр-чатак болгонун моюнуна алып, аялынын бетине эки жолу урганын жана башына тепкенин айтып берген.

Эске салсак, 2019-жылдын 27-ноябрында Бишкекте Гапар Айтиев атындагы көркөм өнөр музейинде   аялдардын укугун  коргоо боюнча «Феминале» иш-чарасы өткөн. Анда денесин сатып иштөөгө мажбур болгондордун көйгөйүн чагылдырган экспонат катары чыккан жылаңач аял дароо социалдык тармактарда талкууга түшүп, «нарк-насилге доо кетирди» деп сындашкан. Андан тышкары, ич кийим элесиндеги экспонатка нааразылык айтылып,  Батыштын буйруктарын аткарган “Бейөкмөт” уюмдардын кызматы деп баалашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости