www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-январда Улуу Британиянын ханзадасы Уильямдын жубайы Кейт Миддлтондун туулган күнү. Бирок салтка айлангандай бул датаны Кейт Миддлтон бир күн эрте, 8-январда белгилейт. Алгач ханзаданын үй-бүлөсү Сандрингем чиркөөсүнө барышты. Ал жерге Кембридж ханышасынын жакындары дагы бирге барышкан. Андан соң алар шаар сыртындагы Анмер-Хол резиденциясына бет алышкан.

Бул жерден эң кызыгы Кейт Миддлтондун туулган күнүндө эки жылдан бери ханзада Гарри жана анын жубайы Меган Маркл көрүнбөйт. Бул жагдайга көбү таң калууда. Себеби бардыгына белгилүү болгондой ханзада Гарри менен жеңеси Кейт Миддлтондун ортосунда мамиле абдан жакшы жана жылуу болгон.  

Белгилүү болгондой, Гарри менен Меган Маркл учурда дагы деле Канадада. Ал жакка жубайлар Рождествону белгилегени Меган Марклдын апасына жөнөп кетишкен. Бирок маалым болгондой, алар сапарга кетээрде Кейттин туулган күнүнө кайра кайтып келип калаарын убадалашкан экен. Айрым журналисттер Кейт өзү Гарри менен келинин туулган күнүнө чакырбагандыгын маалымдашууда. Ошентип, эки ханзаданын үй-бүлөсү бири-биринен алыстап жатат. Буга чейин дагы Улуу Британиянын ханайымы Елизаветта II Рождество майрамында элди куттуктап жатып, столдун үстүнө Гарри менен Меган Марклдын сүрөттөрүн койбой койгон. Ошондо коомчулук ханайымдын үй-бүлөсүндө ажырым пайда болгондугун байкашкан.

Булак: Nazarnews.kg

Последние новости