www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үйлөрүнөн ажырап калуу коркунучунда турган Ак-Жар конушунун тургундары жолду бууп, нааразычылыктарын билдиришүүдө. Бул тууралуу Ак-Жар конушунун тургундары NazarNews маалымат агенттигине кабарлашты.
Маалыматка караганда, жогорку электр зымын Калыс Ордого Ак-Жар аркылуу алып өтүү пландалган. Бирок Ак-Жар конушунун тургундары буга каршы бүгүн, 8-декабрда митингге чыгышты. Бул маселени тактоо иретинде конуштун айыл өкмөтүнө байланышканыбызда, төмөндөгүдөй жооп берди:
"Нааразы болуп элдин митингге чыгып жаткандыгынын себеби, шаардык таштанды төгүүчү жайга таштандыларды кайра иштетүүчү завод курулганы жатат. Таштанды төгүүчү жай Калыс-Ордо конушунда жайгашкандыгына байланыштуу, Дордой базарында жайгашкан “Электросила” компаниясынын чоң көмөк чордонунан кубаттуулугу жогору электр зымы Ак-Жар конушу аркылуу алып өтүлүшү керек. План боюнча ток Ак-Жар конушунун борбордук көчөсү аркылуу 26-көчөгө чейин, андан соң 26-көчөдөн күн батышты көздөй Калыс-Ордого жеткирилиши күтүлүүдө. Аталган кубаттуулугу күчтүү зымдарды алып өткөндөн кийин, ал жер кызыл зонага айланып, үйлөр 80 метр алыстыкта жайгашышы кажет. Буга байланыштуу Ак-Жар конушунан кеминде 500 түтүн үй сүрүлүшү мүмкүн. Ал эми жергиликтүү конуштун тургундары буга нааразы” ,– деп билдирди айыл өкмөттөн.
Эске салсак, Аламүдүн районунун карамагына кирген Ак-Жар конушу 2005- жылы мурунку президент Аскар Акаев кеткенден кийин басып алуу жолу менен түптөлгөн конуш. Аталган конуштун жалпы аянты 128 гектар болсо, узундугу 3 чакырымды түзүп, 42 көчөдөн турат.
Учурда бул конушта 2 миңден ашык түтүндө 15 миңдей тургун жашайт. 2011-жылы Алмазбек Атамбаевдин буйругу менен 87 миллон сомго свет менен суу киргизилген. Учурда 2 коомдук транспорт каттайт. Ак-Жар конушу жарым жартылай мыйзамдаштырылган айыл болуп эсептелет.
Булак: NazarNews.kg