www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Япониядагы Олимпиадалык оюндарга катышуучулардын тизмеси жана кайсы күнү катыша тургандыгы такталды. XXXII Жайкы Олимп оюндары 2020-жылы 24-июлдан 9-августка чейин уланат.

Белгилүү болгондой азыр Кыргызстандын эсебинде Токио-2020 оюндарына  беш жолдомо бар. Бул жолдомонун ээлери: балбандар Атабек Азисбеков жана Айсулуу Тыныбекова, жөө күлүктөр Дарья Маслова жана Юлия Андреева,  ошондой эле суучул Денис Петрашов.

Эскерте кетсек, биздин спортчуларда официалдуу турнирлерден Токио-2020 оюндарына дагы жолдомо утуп алуу мүмкүнчүлүгү бар. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин башчысынын орун басары  Канат Арпачиевдин айтымында Ата-Мекендик спортчулар 13 спорт түрү боюнча 21 лицензия жеңип алышы мүмкүн. Эл аралык спорт комитети Кыргыз Республикасынын спортчулары катыша турган мелдештердин күнүн жарыялады.

•    25-июль — Денис Петрашов (100 метр аралыкка сүзүү);
•    28-июль — Денис Петрашов (200 метр аралыкка сүзүү);
•    4-август — Атабек Азисбеков (грек-рим күрөшү);
•    4-август — Айсулуу Тыныбекова (эркин күрөш);
•    8-август — Юлия Андреева жана Дарья Маслова (марафон).

Булак: NazarNews.kg

Последние новости