www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Картошкабыздын багы ачылды

Айыл чарба министри Нурбек Мурашев Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин кеңешинин Ош шаарында өткөн жыйынында талкууланган айрым соода-экономикалык маселелер тууралуу айтып берди. «Бизде Өзбекстанга картошка экспорттоодо көйгөйлөр болгон. Биз бул маселени талкуулап, чечтик. Өзбек тарап бизге 45 ишкананын тизмесин берди, кийинчерээк алардын саны 70ке чейин жетиши мүмкүн. Эми Өзбекстанга картошка сатууда эч кандай маселе болбойт», — деди Мурашев.

Өзбекстандын Анжиян облусунун башчысы Шухрат Абдурахманов Ош облусунун ишкерлери менен жолугушуу маалында 5 миллион долларлык келишимге кол коюлганын билдирди. «Кыргызстан менен жалгыз Анжиян облусунун эле товар алмашуусу 95 миллион долларды түздү. Бүгүн биз 5 миллион долларга дагы бир келишимге кол койдук», — деди Шухрат Абдурахманов. Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облустарынын жетекчилеринин кеңеши былтыр сентябрда түзүлүп, алгачкы жыйыны быйыл мартта коңшу өлкөнүн Фергана шаарында өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости